Чүйдө 2005-жылы туулган Хадича Болотбекованын сөөгү табылды. Өспүрүм 6 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын сөөгү бүгүн Ысык-Ата районунун аймагында Серафимовка жана Туз айылдарынын ортосундагы суу сактагычтан табылган. Милиция кыздын денесинен зордук-зомбулуктун белгилерин тапкан жок. Укук коргоочулар бардык жагдайларды иликтеп жатат.
Эске салсак, Хадича 15-сентябрда Ысык-Ата районунун Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.