• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгы катталып, унаа толугу менен күйүп кетти (видео)

13 Баш оона 202013:32 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭС-5 жана айланма унаа жолунун кесилишинде “Фольксваген Пассат” жана “Хонда Одиссей” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 3 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Кырсыкта  “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен.

https://www.instagram.com/p/CD0ZXDAH8Cl/?utm_source=ig_web_copy_link
Количество просмотров: 416