• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, үчөө жабыркады

18 Тогуздун айы 20219:29 Бишкек Govori.TV

Чүйдө жол кырсыгынан эки киши каза болуп, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ударник айыл аймагында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бак сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2004-ж.т. С.Т. аттуу бала, 1 кыз каза болгон жана 3 өспүрүм балдар жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 298