• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чүйдө жол кырсыгынан бир киши каза болуп, жетөө жабыркады

8 Кулжа 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгынан 1 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнь күнү түнкү саат 2:30да Жайыл районунда Тойота Прадо менен Митсубиси Галант үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Митсубиси Галант унаасынан болжол менен 40-45 жаш чамасындагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял), Тойота Прадо унаасынан 3 адам (2 эркек, 1 аял) ар кандай жаракат алышкан.

Жерине 5 куткаруучу тартылып каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар «Тез жардам» кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 211