Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгынан 2 бала каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-сентябрда болжол менен түшкү саат 12 лер чамасында Полтавка-Орто-Суу айылында катталган. Анда 2003-жылы туулган жигит тууганынын унаасын сурабай айдап кетип, бакты сүзгөн. Кесепетинен 16 жаштагы айдоочу жана жанындагы жүргүнчү 7 жаштагы бала мерт кеткен.
«Андан тышкары, 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди», -деп айтылат маалыматта.