• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Чүйдө жол оңдогон техника менен жеңил унаа кагышып, 8 киши жабыркады (Видео)

10 Теке 202118:33 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунун Садовая айылында жол оңдогон техника менен Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, кырсыктан сегиз киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-июлда болгон. Атайын техника менен жеңил автоунаа айылдагы «Сударушка» дүкөнүнүн жанында сүзүшкөн.

Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды.

Количество просмотров: 113