• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Үч медиктен коронавирус табылды

12 Аяк оона 202011:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки медик илдет жуктурду. Ошол эле учурда бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 166 учур катталып, 2 миң 669 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 69