• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чаткалда Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургунун атып өлтүрүп кетишти

10 Үчтүн айы 2019 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2018.Govori.TV.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 10-январда саат 03:00 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылында Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган тургуну К.Улан өзүнүн жүк ташуучу унаасы менен бара жаткан. Ошол учурда Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Аскат аттуу тургуну белгисиз ок атуучу курал менен К.Уланды атып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучу Ала-Бука райондук ооруканага жетпей каза болгон.

«Бул факты боюнча Чаткал жана Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу жана тиешелүү кызматкерлери тез арада окуя болгон жерге барышып, оперативтүү-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү. Жыйынтыгында Терек-Сай айылынын тургуну Э.Аскат шектүү экени аныкталы.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында 1994-жылы туулган Аскат аттуу тургун өзүнүн «БМВ» үлгүсүндөгү унаасы менен турган. Ал жерге «Вольво-FH 12» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа келип, айдоочусу — Ош облусунун Өзгөн районунун 1983-жылы туулган тургуну А.Э., шериги — К.Улан Аскаттын автоунаасын жолдун четине жылдырып коюуну талап кылышкан.

Аскат мас абалда болгондуктан ортодо келишпестик пайда болуп, унаасындагы ИЖ 16 калибрлүү сайсыз кош ооздуу ок атуучу куралы менен жүргүнчү К.Уланды көкүрөк тарабына атып жиберген. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Шектүү болжол менен саат 06.30 чамасында кармалып, Чаткал РИИБге жеткирилген. Бул адам өлтүрүү фактысы боюнча топтолгон материал Чаткал РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен козголгон иш тергелип жатат», — деп айтылат маалыматта.
http://www.turmush.kg/news:357998

Количество просмотров: 28