• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чаткалда кар басып калган 6 адам изделип жатат

17 Тогуздун айы 20248:54 Бишкек Govori.TV

Эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай тоосундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калган алты адам изделүүдө.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 9-октябрда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча 14 адам кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманбек Курманалиев 16-октябрда эртең менен Чаткал районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабарлаган. Ушундан кийин издөө-куткаруу иштери башталып, 16-октябрда саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман-эсен табылган. Алар тоодо кар көчкү жүргөнүн айтышкан.

“Табылган жарандардын билдирүүсүндө 2024-жылдын 14-октябрында болжол менен саат 18:00до Ак-Сай ашуусуна жакын коктулардын биринде кар кар көчкү жүрүп, 6 адам жана 16 баш жылкыны басып калганы маалымдалган” деп айтылат ӨКМ билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 137