• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Чек ара: Белгисиз адамдар кыргызстандык жарандардын унаасын таш менен ургулашкан

22 Баш оона 2021 15:30 Бишкек Govori.TV

Баткендеги Көк-Таш айылына караштуу Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфара жолунда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык айдоочулардын машинеcин таш менен ургулашкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-августта болжол менен саат 00:30да «Баткен – Исфана» жолунун Эки-Таш деген жеринде белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан кыргызстандыктардын эки унаасын таш менен ургулаган. Натыйжада Mersedes Benz үлгүсүндөгү машиненин эшиги, Honda Stream машинесинин айнеги талкаланган. Жүргүнчү жана айдоочулар жабыркаган эмес.

Окуяны коңшу эки өлкөнүн ички иштер органдары териштирип жатканы маалым болду.

«Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү укук коргоо органдарынын катышуусу менен жолугушуу өткөрүүнү пландоодо», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Количество просмотров: 291