Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу экендигин билдирет.
Эске салсак, кечээ 2019-жылдын 3-июлунда Баткен районунун Аксай айылынын чыга беришинде жайгашкан газ куюуу станциясында Тажикистандын жараны газ куюуу станциянын ээси Кыргызстандын жаранын ур-токмоко алды. Тажикистандын жараны газды Тажикистандын жарандарына сатпоону талап кылып, жинденип аталган газ куюуу станциясынын ээси 1964-жылы туулган Кыргызстандын Ж.Ж., аттуу жаранына башына жаракат келтирип, жыйынтыгында Кыргызстандын жараны алган жаракатынан улам Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми ур-токмоко алган Тажикистандын жараны Тажикистандын Исфара районун көздөй белгисиз тарапка кетип жашынган.
Бул окуяга нааразы болгон Аксай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух автожолун жаап салышкан.
«Ушул эле күнү Кыргызстандын Баткен аймагы жана Тажикистандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлчүлүгүнүн жолгушуусу болгон. Кырдаалды курчутпоо жана жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча өкүлү Адхам Мадумаров жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 2019-жылдын 4-июлу саат 02.00дө Исфара-Ворух авто жолу ачылып каттамдар жүрө баштаган»,-деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды КР Мамлекеттик чек ара кызматы көзөмөлдөп турат.