• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чек арадагы акыркы абал (Видео)

14 Жалган куран 2019 22:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Чек арадагы акыркы абал тууралуу Баткен шаарында иштеген «Салам Медиа» радиосунун журналистери жеринен барып сюжет жасашты.

Мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө, бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уланууда. Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим келишкен.

Мурдараак Жеңиш Разаков жергиликтүү калк, анын ичинде аксакалдар жана жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда чек арада кырдаалды мындан аркы эскалация кылууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Теги:
Количество просмотров: 15