Чет өлкөлүктөргө турак-жай сатып алууга мыйзамдык жол ачылабы?
Чет өлкөлүктөргө турак-жай сатып алууга мыйзамдык жол ачылабы?
28 Жалган куран 201812:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.03. 2018. Govori.TV
“Чет өлкөлүктөргө Кыргызстандан турак-жай сатып алууга уруксат берүү кыймылсыз мүлктүн тез арада баасынын кымбатташына алып келет”. Бул туралуу ЖКнын депутаты Айнура Осмонова билдирди.
Анын айтымында, учурда инвестициялык визасы же жашаганга уруксат кагазы бар чет өлкөлүктөргө кыймылсыз мүлк сатып алууга жол ачкан мыйзам долбоору сунушталып жатыптыр.
“Бул мыйзам иштеп кетсе, чет өлкөлүк жарандар массалык түрдө турак-жай сатып алууга өтүп, кыймылсыз мүлк кымбаттайт. Анда ансыз да үйгө жетпей жаткан миңдеген кыргыздарга ого бетер тоскоолдук жаралат. Менимче, буга жол бербешибиз керек”,-дейт эл өкүлү.
Эске сала кетсек, акыркы жылдары эле Кыргызстанда ар бир отузунча жаран кытайлык экени айтылып келет. Демек, депутаттын айтканында чындык бар.