Бүгүн, 30-мартта түштөн кийинки онлайн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөдөгү абал боюнча маалымат берип жатышат. Анда Нарында коронавирус аныкталган жаран тууралуу маалымат айтылды.
«Нарында коронавирус менен жабыркаган жаран аэропорттон текшерилген. Үй карантинине жиберип, нускама менен үйүнө жөнөтүлгөн. Ал чет өлкөдөн келген учурда алгоритм башкача болчу. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн»,-деди министр Чолпонбаев.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, вируска чалдыккан жарандын келинчеги нускама берилген эмес дегени туура эмес.
«Үй карантинине кетип жаткан жаран нускамага кол коюлуп, эч ким менен байланышта болбошу керек болчу. Бейтап өзү эрежени бузуп, бир канча адам менен байланышта болгон», — деп кошумчалады Боронов.