Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV
Чүй облусуна караштуу Арашан айылындагы жол кырсыгында бир киши унаа кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.
«Кырсык 24-январда саат 15:30 чамасында болгон. Унаа Чуңкурчак капчыгайы тарапка бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай 100 метр тереңдиктеги жарга кулап кеткен. Алган жараатынан улам айдоочу ошол жерден каза болгон. Унаанын ичинде башка адам болгон эмес», -деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.