• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чубак ажы: «Зере клиби аркылуу азыркы биздеги жашоону сүрөттөдү. Бул чындык, чычалабагыла!»

25 Аяк оона 2018 16:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов Кыз»аттуу ыры менен коомчулукту экиге бөлгөн Зеринин клиби туурасында  5-каналга маек берип,өз оюн  билдирди.
Чубак ажынын айтымында Зеренин клибинде эч кандай таңгалыштуу эч нерсе жок. Болгону Зере азыркы жашоонун  сүрөтүн (картинасын) көрсөтүп берди дейт.
» Бул клипти көрбөдүм эле, элдин баары айтып жаткандан кийин  көрүүгө аргасыз болдум.  Бирок, эч кандай деле таң калыштуу эч нерсе көргөн жокмун. Зеренин «Кыз» деп тартылган ырында  Кыргызстандын азыркы абалын баяндалыптыр.  Бизде  жылаңач деле,  жолукчан жүргөндөр деле бар.  Бүгүнкү жашоо  ошол,  биздеги картина. Кээ бири жылаңач, кээ бири жолукчан.  Болгону бугүнкү абалды көрсөтүп берди. Ага эмнеге чычалаш керек. Бишкекке көчөгө чыксаң, ошол эле картина турат. Болгону Зере муну телевизордон көрсөттү. Бул чындык»,-деди  Чубак ажы.
Ошондой эле  бул клипти талкуулап,  ызы-чуу салып жаткандарга таң калгандыгын айтты.
«Бул клипке  карата ызы-чуу кылгандарга таң калам.  Клипте Зере атасынын костюмун кийип алыптыр. Ал эми көчөдө костюму жок деле жүргөндөр толтура. Үнү  абдан жакшы экен. Ал эми мааниси дагы кайсы бир деңгээлде жакшы.  Бирок,  көркөмдүк жагы жакшы каралбай калган», -деп кошумчалады Чубак ажы.

https://www.facebook.com/5tvkg/videos/739438046387945/

Количество просмотров: 38