• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын элчиси менен жолукту

19 Жалган куран 2019 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта  Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат-кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар ушул жылы жогорку жана бийик деңгээлдерде, анын ичинде, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволору тарабынан боло турган эки тараптуу сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Боло турган көп тараптуу эл аралык иш-чаралар жана форумдар боюнча пикир алмашылды.

Суу жана энергетика чөйрөсүндө кызматташуу, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кээ бир өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстандын ветеринардык тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Теги:
Количество просмотров: 15