• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Цирктин чыры Ак үйгө жетти…

21 Үчтүн айы 2019 15:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.

Абубакир Изибаев атындагы Цирктин жамаатынын чыры Ак үйгө жетти.

 Цирктин артисттери Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен дагы жолугушту.

Эске салсак буга чейин цирктин жамааты директор Курмангазы Исанаевди кызматтан бошотуу тууралуу арызы менен кайрылышкан эле.

 Цирктеги эреже бузуулар тууралуу маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

Депутат Аида Касымалиева аталган маданий жайда жемкорлук гүлдөп жатат деп айтып чыккан.

Курмангазы Исанаев цирктин кызматкерлеринин айтып чыккан айыптарды четке каккан Анын кызматтан кетүүгө арыз жазганына бир айдан ашты.

Цирктин жетекчилигине балетмейстер Аида Акматова, Зарылбек Молдобакиров сунушталган.

Мурдагы маданият министринин орун барасы Фархад Бекмамбетов дагы талапкерлигин коюп алып салган.

Количество просмотров: 19