• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

COVID-19: Бир күндө 535 адам айыкты

11 Баш оона 202011:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 535 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 45 киши, Ош шаарында – 62, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 43, Нарын облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда – 74, Жалал-Абад облусунда – 87, Баткен облусунда 61 бейтап коронавирустан айыкты»,-деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 32 миң 764кө жетти.

Количество просмотров: 74