• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

COVID-19дан Бишкекте 8 бейтап каза болду

25 Бугу 2021 11:21 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 8 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 575 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 200 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1051 бейтаптын абалы орто оордукта, 420 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 433 киши айыгып чыкса, 1 миң 765 адам каза болду.

Количество просмотров: 94