• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

COVID.KG деп аталган бирдиктүү маалыматтык платформа ишке кирди

4 Баш оона 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын тапшырмасы боюнча, калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, ата мекендик IT адистер Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте жаңы ресурсту иштеп чыгышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

«COVID.KG деп аталган коронавирус менен болгон абал боюнча бирдиктүү маалыматтык платформа, ал жерде мамлекеттик органдар жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө бардык маалыматты жайгаштырат жана бардык кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат»,-деп айтылат маалыматта.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар келтирилген:

  • айыккан жана ооруп калган адамдар жөнүндө акыркы жана расмий статистика;
  • ачылган стационарлар;
  • пандемияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча акыркы жаңылыктар;
  • ыктыярчылардын ишмердүүлүгү;
  • гуманитардык жардам боюнча отчеттор;
  • дүйнөлүк статистика;
  • дарыгерлердин сунуштамалары.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган.

Количество просмотров: 41