Дайынсыз жоголгон пакистандык жарандар Бишкек шаарындагы Ош базарынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды «Ош» базардан табышты.
Эске салсак, 27-июлда Сокулук РИИБге жеке менчик ишкананын өкүлү арыз менен кайрылып, жумушчуларын таап берүүнү өтүнгөн. Дайынсыз жоголгон жумушчулар – Пакистандын жарандары: Жамил Мухаммад, Лиакат Мухаммад, Ифтикар Мухаммад жана Али Карамат. Алар 26-июлда жумуштан чыккан бойдон дайынсыз жоголушкан. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.