• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Дамир Сагынбаев: Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берилсе, кылмыш иши козголот

7 Бирдин айы 201913:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2019.Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесине токтолуп, эгер ага каршы сотто каршы көрсөтмө берилсе, кылмыш иши да козголорун айтты.

Мындай пикирин 7-февралда Бишкектеги маалымат жыйынында билдирип, экс-президенттин макамына байланышкаy мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште каралып жатканын кошумчалады.

— Кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгер сотто каршы көрсөтмө берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, — деген Сагынбаев азырынча андай көрсөтмө жоктугун кошумчалады.

Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана башка он чакты аткаминер ЖЭБди модернизациялоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында былтыр кармалган. Алар шалаакылык, жемкорлук боюнча өздөрүнө коюлган айыптарды моюнга албай келишүүдө.

386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБ 2018-жылдын 26-январында бузулуп, эл бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул авариядан кийин текшерүү жүрүп, каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголгон.

Теги:
Количество просмотров: 25