• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Данияр Абдыкаров «Манас» аэропортунун коопсуздук дирекциясына жетекчи болду

8 Үчтүн айы 2019 12:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Данияр Абдыкаров «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык Данияр Абдыкаров жетектеген дирекция авиация коопсуздугун жана ички тартипти камсыз кылат.

Данияр Абдыкаров 2018-жылдын 18-июнунда өзү берген рапортунун негизинде ички иштер министринин орун басарынын кызматынан бошотулган.

Генерал-майор Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп 2016-жылдын башында дайындалган. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир топ сын айтылып келген. Буга чейин Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрдин уруксатын албай туруп өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган эле. Кийин анын Түркияга барып келгени аныкталган. 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 18