• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дарегиме коркутуулар келип жатат деген Жангарачева милицияга арыз жазды

4 Бештин айы 2019 11:17 Бишкек Govori.TV

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева, анын дарегине коркутуулар келип жатат деп милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ал Govori.TVга өзү билдирди.

Анын айтымында, ага түрдүү коркутуулар жазылган билдирүүлөр келип түшүүдө. Алардын баарын чогултуп, скриншотторду арыз менен бирге ИИМге өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, Мира Жангарачева жакында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн чуу салган феминнале көргөзмөсүнөн соң, арызын жазып кызматтан кеткен.

Коомчулукта бул көргөзмөнүн талкууга алынуусунун себеби болуп, анда жылаңач кыздын жүрүүсү, ич кийимдердин илинүүсү болгон. Мындан улам жарандык активисттер чогулуп Маданият министрлигинин алдына акцияга чыгышып, уюштургандарды жана музей директорун жоопко тартууну талап кылышкан эле.

Количество просмотров: 198