• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дарыгерлерге ыктыярчылардын жардамын алууга тыюу салынуудабы? Министрликтин жообу…

28 Теке 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дарыгерлерге ыктыярчылардын жардамын албагыла деген расмий билдирүү айтылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.

«Социалдык тармактарда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салынды деген маалымат пайда болду. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салуу тууралу расмий тапшырма, буйрук чыгарылган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан андай тапшырмалар өлкөнүн бир дагы аймагына жөнөтүлгөн эмес. Учурдан пайдаланып, эпидемия башталгандан бери өлкө үчүн кыйын күндөрдө биздин клиникаларга, дарыгерлерге, саламаттык сактоо системасына жардам көрсөткөн ыктыярчыларга, эл аралык уюмдарга, бизнесмен, ишкерлерге, жарандарга ызаарычылык билдиребиз», — деди Акматова.

Эске салсак, Айжан Чыныбаева Фейсбук баракчасына билдирүү жазып, медициналык мекемелердин жетекчилери ыктыярчылардын жардамынан баш тарта башташканын айткан.

«Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Айжан Чыныбаева Сооронбай Жээнбековго аны интригалардан коргоону өтүнүп, ачык кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, эки күндөн бери өлкөдөгү бардык ооруканаларга ыктыярчылардын жардамын кабыл алууга тыюу салынган деген маалымат бар.

Количество просмотров: 106