• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы менен жолугушту

18 Бирдин айы 2020 11:02 Бишкек Govori.TV

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Сауд Арабия Королдугундагы расмий иш сапарынын алкагында Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх менен жолугушту.


Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар туризм, инвестиция тартуу жаатында байланыштарды бекемдөө менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө тиешелүү мыйзамдык колдоону күчөтүү тууралуу сүйлөшүштү.


Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Сауд Арабия Королдугу менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп:

“Акыркы жылдары эки өлкө ортосунда тыгыз кызматташтык калыптанып, Өкмөттөр аралык жогорку деңгээлдеги ар кандай сүйлөшүүлөр болду. Өткөн жылы Президентибиз расмий иш сапары менен Сауд Арабия Королдугуна келип жемиштүү жолугушууларды өткөрдү. Ал эми парламенттик деңгээлдеги бул расмий иш сапар да алакаларды арттырууга көмөкчү боло турган алгылыктуу кадам болот деген ишеничтемин”, – деди.


Муну менен катар экономикалык байланыштарга токтолгон Дастанбек Жумабеков мамлекеттер аралык товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, соода жарманкелерин уюштуруу зарылчылыгы тууралуу сөз кылды. Ошондой эле инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берген Төрага Сауд Арабия өнүктүрүү фонду аркылуу инфраструктура, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргызстандан таза экологиялык азыктарды алууну сунуштады.


Өз кезегинде Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх Сауд Арабия Королдугу Кыргызстан менен калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдар экендигин билдирип, бул боюнча Королдун атайын тапшырмасы бар экенин маалымдады.

“Саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууну көздөйбүз. Анын ичинен эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу жаатында кызыкдар авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, – деди.

Андан тышкары, парламенттер аралык байланыштардын алкагындагы мамилелер тууралуу сөз кылган Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх мындай жолугушуулар бардык маселелердин кеңири талкууланышына көмөкчү болорун кошумчалады.


Белгилей кетсек, Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Количество просмотров: 68