• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Дастанбек Жумабеков курулушу бүтпөгөн мектептен кабар алды

25 Жалган куран 201914:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Таласта 5 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Жийде айылындагы 225 орундуу, сметалык баасы 54 млн сом деп бааланган мектеп 5 жылдан бери бүтө элек. Парламент төрагасы Жумабеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо аталган мектепке барып, абалды жеринен көрдү.

Дастанбек Жумабеков быйылкы жылы аталган мектепти бүткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөнүн, курулуш иши 2019-жылдын сентябрында аякташы керектигин белгиледи.

Теги:
Количество просмотров: 23