Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.
Депутат Зарылбек Рысалиев премьер-министр, башкы прокурордун иш күнүн карап чыгууну сунуштады.
«Бүгүн ар бир фракциядан экиден киши чогулуп, премьер-министрдин, башкы прокурордун бүгүнкү, эртеңки жумуш күнүн карап чыгалы. Эртеден кечке чейин эмне жумуш аткарышат экен. Комиссия түзүүнү сунуштайм», — дейт ал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзамга ылайык, фракциянын же тийиштүү комитеттин чечими менен болгондо бул маселе добушка коюла турганын билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселе каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов келген жок. Кечээ, 22-январда Жогорку Кеңештин эки комитети тарабынан жалпы жыйынга жетекчилер өздөрү катышсын деген чечим чыгарылган.