Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV
Эл өкүлү курулушчулар эмдигиче жол нугун даярдай берсе болмок деген пикирди айтат.
Жогорку Кеңештин комитеттик жыйыны учурунда депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганын, азыр эмне себептен токтоп турганына кызыкты. Анын пикиринде кыштын аякташын күтпөй эле, жол нугун даярдоо иштери жүргүзүлө берсе болмок.
Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов курулуш иштери жер кыртышынын борпоңдугуна байланыштуу графиктен бир аз кечеңдеп жатканын белгиледи. Ошондой эле техникалык талаптарга ылайык кыш мезгилинде жол курууга болбой турганын кошумчалады.
“Графикке ылайык жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт. Күн жылыса жолдун курулушу тездетилет. Азыр жолдогу 3 миң 815 метр тоннелдин 2 миң 100 метри казылып бүттү”,- деди министр.
Бейшеновдун маалыматы боюнча Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом каралган.
Кошумчалай кетсек, Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Аны оңдоо иштери 2017-жылы жайында башталган.