• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Динара Исаева Литванын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

18 Жалган куран 2019 17:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

 Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңешинин Латвия, Литва жана Эстония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси, депутат Динара Исаева Литва Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Дарюс Скусявичюс менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан кабарлады.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланганы маалым болду.

Эл өкүлү Динара Исаева кыргыз тарап Литва менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

“Эки мамлекеттин алакасын арттырууда парламенттер аралык кызматташтыктын да мааниси өтө жогору. Айрыкча, депутаттык достук топторунун ортосундагы байланышты кеңейтүү менен тыгыз мамилени калыптандыра алабыз”, – деди Динара Исаева. 

Ошондой эле эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгын айткан депутат экономикалык байланыштар жеткиликтүү болбой жатканына да токтолду. Тагыраагы, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасына берген ВСП+ макамын жана башка эл аралык макулдашууларды пайдалануу аркылуу соода байланыштарын арттыруу зарылчылыгын белгиледи.  

Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык маселеси да көтөрүлүп, кыргыз студенттеринин Литванын жогорку окуу жайларында окуусуна жеңилдиктерди берүү сунушу айтылды. Муну менен катар эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарды чыңдоо тууралуу кеп салган Динара Исаева Бириккен Улуттар уюму, Европа биримдиги, ЮНЕСКО өңдүү биримдиктердеги Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого көмөктөшүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Литва Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Дарюс Скусявичюс Кыргызстан менен болгон кызматташтык артыкчылыктуу багытка ээ экенин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү учур талабы экенине токтолду.

Ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү менен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Рада Туманбаева да катышты.

Количество просмотров: 17