• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Депутат «Эйр Манас» авиакаттамдын жүргүнчүлөргө эскертүүсүз токтотулганына кызыкты

22 Үчтүн айы 201910:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов «Эйр Манас» авиакаттамдын жүргүнчүлөргө эскертүүсүз токтотулганына байланыштуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго суроо узатты.

Эл өкүлү Ормонов авиакаттам эмне себептен токтотулганын жана жүргүнчүлөргө кенемте маселеси каралбаганын сурады. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов авиакаттам белгилүү себептерден улам токтотулганын айтты.

Мындан сырткары депутат Ормонов ички каттамдарды кыш мезгилинде көбөйтүү керектигин айтты. Боронов ички авиакаттамдарды көбөйтүү максатында дагы 2 учак кошуу маселеси каралып жатканын айтты.

Эске салсак, Бишкек-Ош-Бишкек багытына 18-январдагы каттамдары токтотулган.

Количество просмотров: 46