• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат “Коопсуз шаар” адамдын жеке маалыматын коомчулукка чыгарып жатат деп сынга алды

12 Бештин айы 2019 11:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында Бишкектеги айрым көчөлөрдө жол белгилери «туура эмес орнотулганы үчүн» айдоочулар айып төлөп жатат деген пикирин билдирди.

“Коопсуз шаар” долбоорун адамдын жеке маалыматын коомчулукка чыгарып жатат деп сынга алды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы деп айтылган адам тууралуу маалыматты чыгарып жиберишти. Кимдин каякка, кандай машине менен баратканын, алдында ким отурганын эмнеге чыгарышат? Адамдын жеке маалыматтын тышка чыгарбаш керек. Эл араң турат. 1 млрд. сомго жакын айып пул төлөнүп жатат. Анын баарын эл төлөп жатат.

Бир жума мурда Интернетте «01 578 ASD» деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Айрым жергиликтүү сайттар айдоочу мамлекеттик кызматкер экенин жазып чыгышкан.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаанын айдоочусу жөнөкөй жаран экенин билдирген.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Количество просмотров: 55