Бишкек.13.02.2019.Govori.TV.
Депутат Исхак Масалиев өзү сунуштаган экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча мыйзамга каршы чыкты. Бул тууралуу өзү ал социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
«Бүгүн, өзүм сунуштаган мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Жакшы эмес, бирок айла жок. Биздин сунушубуз — экс-президенттен кол тийбестикти алып таштоо, экинчи окууда такыр башкача болду. Эми экстти иштеп жаткан президенттей эле тартипте жоопко тартса болот —Жогорку Кенештин үчтөн эки добуш менен»,-деди Масалиев.
2003-жылы «КРдин президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Анда иштеп жаткан жана «экс» статусуна ээ президентке бир топ жеңилдиктер каралган. Экс-президентке жеңилдик берүүнүн башкы максаты — аны кайрадан шайлоого бардырбоо эле.
Исхак Масалиевдин айтымында 2005-жылы аталган мыйзамдын 3-беренеси («Тунгуч президентке жеңилдиктерди берүү») алып салынып, бирок 12-беренеси («Экс-президенттин кол тийбестиги») калып калган.
Жогорку Кеңеш президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салган ченемди жактырды.