• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Момбеков: «Азыркы өкмөт «түкүрүк өкмөт»

17 Үчтүн айы 2019 12:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2019.Govori.TV.

 Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Абылгазиевдин өкмөтүн «түкүрүк өкмөт» деп баалады. Бул тууралу депутат Жогорку Кеңеште билдирди.

 «Орточо эсеп менен алып көрсөк ар бир өкмөт 9 ай иштейт экен. Биздин азыркы өкмөт да 9-айында иштеп жатат. Ар бир өкмөттүн өзүнүн мөөнөтү жана эл тарабынан берилген дөөлөтү болот. Мындайча айтканда аты болот. Данияр Үсөновдун өкмөтү «акжолчу», Роза Отунбаеванын өкмөтү «убактылуу өкмөт», Өмүрбек Бабановдун өкмөтү «коалициялык өкмөт», Сапар Исаковдун өкмөтү «технократтык өкмөт» деп аталган. Азыркы өкмөткө жаңы «түкүрүк өкмөт» деген ат коюлду»,-деди Момбеков.

Анын айтымында, өкмөт жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди.

«Кечээ түкүрүккө болгон «айып пулдун өлчөмүн азайтабыз» деп айтышыптыр. Мейли азайтсын, башкаларынчы? Дүйнөдө бир да мамлекетте түкүрүккө айып салган мамлекетти көргөн жокмун. Туура айып пул болуш керек, бирок айып пул айлыктан жогору болбош керек. 5 миң сом пенсия алган чалга барып, түкүрдүңүз айып пул төлөңүз деп айтып көргүлөчу жерге эмес бетке түкүрөт. Биринчи элге 30 миң сом айлык бергиле анан 10 миң сом айлык салгыла. 10 миң сом пенсия берип 2 миң сом айып салгыла. Ошондо эл түкүрбөйт. Азыр болсо эл бийликтин бетине түкүрөт», — дейт Момбеков.

Теги:
Количество просмотров: 13