• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат, Рыскелди Момбеков: » Кыргызстанда кыргыз тили квартирант болуп калды» (видео)

27 Аяк оона 2018 11:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
Бүгүн, 27- сентябрда парламенттин жыйынында Депутат Рыскелди Момбеков Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоонун өзү уят экенин айтты.
«Улуттук тил комиссиясы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу «Энетил жана Айтматов» деген аталыштагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Мен Кыргызстанда англис тилинин, орус тилинин үч айлыгы, алты айлыгы жарыяланса кабатыр болбойт элем. Бирок Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоо деген бул мамлекеттик тилди мазактоо, Манастын тилин мазактоо, кыргыз тилине кыянаттык кылуу. Мамлекеттик тил мамлекет менен жашап өмүр сүрөт, ал үч айга же төрт айга квартирант болуп кирбейт. Эмне деген жарыя? Кыргызстанда кыргыз тили квартирант экенда? Үч ай эле кыргыз тилинде сүйлөп, калган тогуз айда аралаш сүйлөйт экенбиз да», — деди депутат.

 

 

 

 

Количество просмотров: 26