• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат: Баткенге барып, чек-арада жашаган жерге балдарыңарды окуткула. Ошондо маселе эрте чечилет

14 Жалган куран 2019 10:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча маселеси каралып жатат. Анда эл өкүлү Таабалды Тиллаев министрге кайрылып, “ошол аймакка үй-бүлөөсү менен барып, балдарын ошол жактагы мектепке окутуп көрсүн”,-деген катуу сын айтты.

“Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып кетсем, силер өрт өчүрүүчүнүн кызматын аткарып калдыңар да. Мен бир айда мурда ушул жерде эртең ушул көйгөй башаталат деп. Суу маселеси, жол маселеси, болбогон шагыл маселесинен жаңжал чыкты. Вице-премьер-министри, чек ара кызматынын жетекчилери ошол жака көчүрүлүп, ошол жакта отурсун алар. Чек ара маселеси чечилгенче штабын ошол жака ачып берсеңиздер, үй-бүлөөсү менен Баткен аймагына барып, чек-арада жашаган тургундардын балдары окуган мектепке өздөрүнүн балдарын окутсун. Ошондо көйгөй батыраак чечилет”,-деди Тиллаев.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз-тажик чек арасы жабылган. Бул тууралуу граждандык активист Гульгакы Мамасалиева билдирди.

Анын маалыматы боюнча Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушту.

Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат.

Теги:
Количество просмотров: 10