• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат өз балдарын зордуктагандарды жазалоого өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

15 Үчтүн айы 2020 15:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңеште Жоруктар жөнүндөгү кодексин жана Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында өкмөт тарабынан иштелип чыккан «Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Айнуру Алтыбаева «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча жазаларды күчөтүү керек» деген пикирди айтты.

«Өз кызын зордуктаган атаны өлүм жазасына тартып же өмүр бою эркинен ажыратуу керек. Аялын сабагандар дагы катуу жаза алышы керек», — деди А.Алтылбаева.

Ал үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар кайрыла турган кризистик борборлордун ишин күчөтүү керектигин айтып, үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголуп баратканын кошумчалады.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасагандардын жазасын күчөтүү керек деген сунушун депутат Исхак Масалиев дагы айтып өттү.

«Акыркы жылдары үй-бүлөдөгү зомбулук четтен чыгып кетти. Мурда күйөөсү менен аялы мушташып кетип, көп болсо көзүн көгөртүп койчу. Ал эми өзүнүн балдарын зордуктаган аталар дагы көбөйдү. Мен өлүм жазаны кайтарып бергиле деп суранат элем. Өз баласын зордуктаган эркек адам эмес, айбан», — деди Масалиев.

Количество просмотров: 156