• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Жолдошбаевдин күйөө баласы айып аянтчасындагы унааларды сүздүрүп, качып кеткенби?

12 Бирдин айы 2019 16:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV

Бишкекте мас милиционер айып аянтчасындагы машиналарды сүздүрүп салып, качып кеткен

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы деп божомолдонгон жаңжалкеч азырынча комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат

Айып аянтчасындагы унаа кырсыгына шектелген мас жаран Бишкек ИИМБ кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу  күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.

“Ал кызмат аткаруу абалында болчу, кырсык фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталды”, — дейт ички иштер органынан.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы Айбек Сыдыков деп божомолдонгон адам, Гоголь жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгын кылган. Андан соң ЖКККМБ кызматкерлери айып салып токтотуп койгон үч машинаны сүзүп салган.

“Айып аянтчасынын аны күбөлөндүрүү үчүн алып кетели дешкенде, ал качып кеткен жана азыркы убакка чейин качып жүрөт”, — деп маалымдады күч түзүмдөрү.

Кошумчалай кетсек, 11-февралды  Бишкек ИИМБ ЖКККБ маалымат кызматы жол кырсыгынын күнөөкөрү мас экендигин билдиришкен. Андан сырткары, автонун ээси көпкө чейин алкоголду аныктоочу жайга барууга каршылык кылды, ошондуктан милиция кызматкерлерин чакырууга туура келген.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевге байланушууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Количество просмотров: 16