• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Жумалиев Жапыкеевди сотко берип, 10 миллион сом өлчөмүндөгү доо койду

12 Бугу 2020 16:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Сыймык Жапыкеевди сотко берип, жалпы өлчөмү 10 миллион сомдук  доо койду.  Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирген.

Жактоочунун айтымында,
Жумалиев ар-намысын жана кадыр-баркын мыйзамдуу жол менен коргоону чечкен.

«Бүгүн мен Жумалиевдин адвокаты катары Жапыкеевке карата Ленин райондук сотуна  доо арыз менен кайрылдым. Моралдык чыгымы 10 миллион сомго бааланган. Соттон утуп чыкса, акча кайрымдуулук иштерине жумшалат», — деп билдрген жактоочу Жумашев.

Эске салсак, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын айтып чыккан.

Количество просмотров: 3291