• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Депутаттар Атамбаевдин ишине байланыштуу кайрадан суракка чакырылды

16 Аяк оона 2019 12:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова бүгүн кайрадан ИИМдин тергөө кызматына сурак берүүгө чакырылды. Андан тышкары, укук коргоо органдарына КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова дагы чакырылган. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан кабарлашты.

КСДПчылар мындай көрүнүштү Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурула турган тынчтык митингинин алдында, партия мүчөлөрүн жана мурунку президенттин тарапташтарын коркутуп-үркүтүүгө болгон аракети деп эсептейт.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылып, 26-октябрга чейин камакта калтырылган.

Количество просмотров: 171