• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутаттар Билим берүү министрине кандай суроолорду беришти?

11 Аяк оона 2019 10:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Билим берүү жана илим министрине Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

Анда эл өкүлдөрү Исаковга бир катар суроолорду узатышып, алдыдагы максаттарына кызыгышса, айрымдары талапкерге жөн гана ийгиликтерди каалап өтүштү.

Ал эми депутат Дастан Бекешев суроо узатып — косинус (сos) алтымыш градус барабар канча болот? деди.

Бул суроого Исаков, кыргыз филологиясы боюнча адис экенин айтып жооп берди.

Мындан тышкары депутат министр болчу талапкер мектептердеги фонддорго, камкорчулар кеңешине деп акча чогулушуна кандай карарына кызыкты.

Исаков фонддордун ишине ата-энелер нааразы экенин айтып, анын иши ачык-айкын болушу керектигин парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирип, жана бул маселени көптөн бери ойлонуп жүргөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 53