• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар дресс-код менен алек болсо… Президент Ата Мекендик өндүрүштү колдойт…

17 Үчтүн айы 2019 19:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңеште дресс-код сактабагандыгы үчүн тил уккан Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовдон вице-спикер Мирлан Бакиров кечирим сурады.
Жогорку Кеңешке келген чиновниктердин кебете- кешпири үчүн кекеткен окуя бул алгачкысы эмес. Жай айларында төрага Дастан Жумабеков айыл чарба министрлигинин статс-катчысы Эркинбек Чодуев баш болгон эки-үч чиновникти кекеткен эле.

6-чакырылыштын депутаттары жактырбаган көрүнүш аалам төрдө кандай?
Кытайдын Хэнань провинциясындагы Чженчжоу шаарында иштеген чиновниктер жумушка ачык түстөгү кийимдерди кийгенге тыйуу салынган. Чачтарын табигый эмес түскө сары кызыл жашыл боегонго болбойт. Си Цзиньпинь бийликке келген кезде байлыкты байката турган символдорду колдонууга тыйуу салган. Чиновниктер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан гана костюмдарды кийиши керек.
АКШда чиновниктер дресс-кодду сактоого милдеттүү. Чиновниктер костюм кийишет жана кейс көтөрүшөт.
Австралияда дресс-код сакталат. Мамчиновниктерге шлепанцы, угги, футболка, джинсы жана ала-була түстөгү кийгенге болбойт.
Франциянын парламенти өткөн жылы оппозиячыл депутат Франсуа Рюффен жазуусу бар ачык жашыл түстөгү фудболка кийип келгенден кийин дресс-код киргизген. Оппозициячыл депутатка 1 378 евро айып салынган.

Малайзияда 2008-жылдан бери чиновниктерге баджу мелайю деп аталган улуттук кийимди кийүү милдеттендирилген.

Кыргызстандык чиновниктер дресс-код азырынча Жогорку Кеңеште маал-маалы менен маселе жаратканы болбосо карапайым элдин иши жок.

Ал эми Президент жакында эле ата мекендик өндүрүштөн чыккан бут кийимди сатып алган. Өкмөт башчы Ата Мекендик өндүрұштөн чыккан костюм-шымдарга гана басым жасай турганын айткан эле.

Количество просмотров: 18