• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутаттар репресивдүү мыйзамдары менен президентти ыңгайсыз абалга калтыруудабы?

8 Кулжа 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

Өткөн аптада мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Бирлиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. Кыргыз Республикасы – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө.  Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бирок, биз жеңе турган кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен аларды жеңүүгө чечкиндүүбүз»,- деп билдирген Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору , “Анык эмес маалыматтан коргоо» мыйзамы, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын коалициясы президенттик администрация жана Жогорку Кеңештин депутаттары адамдын түпкү укуктары менен эркиндиктерин чектеген, демократиялык алкакты тарыткан аракеттерге өткөнүн белгилешүүдө.

Депутаттар репресивдүү мыйзамдары менен президентти ыңгайсыз абалга калтыруудабы? деген суроонун айланасында эл өкүлдөрүнүн дагы пикирин уктук…

Количество просмотров: 98