• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутаттар Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

27 Жетинин айы 2019 9:29 Бишкек Govori.TV

Алыскы Санкт-Петербург шаарында жашап-иштеп жаткан кыргыз мигранттары эл депутаттары менен жолугушканда өздөрү туш келип жаткан айрым бир көйгөйлүү маселелерди ортого салышты.

Жашоонун айынан аргасыз Россиянын граждандыгын алган мигранттар Кыргызстанга келгенде жер, турак-үй же башка нерселерди сатып алууга укуксуз болуп калып жаткандарын айтышты. Ошону менен бирге эле Кыргызстанда 3 ай сайын каттоодон өтүүгө мажбур болушат экен. Россияда жашаган мигранттардын балдары кыргызча билбей чоңоюп жатышканы да өзүнчө бир көйгөй катары белгиленди. Ошол эле балдарды медициналык камсыздандыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу болсо деген тилектери да бар экен. Анан дагы Кыргызстанга акча которууну чектеп коюшканын да айтып өтүштү. Мындан тышкары орус тилин билбей, жетишерлик билими жок, өзүн кантип алып жүрүү эрежелерин билбей келип алган мигранттар кыйналып калып жатышканы маалым болду. Ошону менен бирге эле Кыргызстандын паспорту менен келген коңшу өлкөнүн адамдары да көп болуп жатканы белгилүү болду.

Мигранттардын оюн уккан депутаттар Россиянын граждандыгын алган мекендештерибизге өз мекенинде бардык укуктарга ээ болсун деген максатта бир катар мыйзам актларына өзгөртүү киргизүү сунушталып, атайын «Мекен карт» берүү аракети көрүлүп жатканын айтып беришти. «Мекен карт» алган мигрант шайлоо жана шайлануудан башка бардык укуктарга ээ болот экен. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүптүр. Эл депутаттары ошону менен бирге эле кыргыз өкмөтү тарабынан да кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүп жатканы туурасында айтып беришти.

Санкт-Петербургадагы кыргыз мигранттары өздөрү демилге көтөрүп, Чыңгыз Айтматовдун эстелигин коюу аракетин көрүп жатышкан. Эстелик коюуга чоң суммадагы каражат жумшалгандыктан өкмөт да кол кабыш кылса деген ойлорун жеткирүүнү өтүнүч кылышты.

Количество просмотров: 83