• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттардын келбей койгонунан улам комиссиянын жыйыны ЖК имаратында өтөт

23 Аяк оона 2019 16:39 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумуна Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова келген жок. Комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алар комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартканын жана бул алардын жеке чечими экенин билдирди. Бирок комиссия мүчөсү Исмаил Исаков эл өкүлдөрүнүн жыйынга катышуусун камсыз кылыш керек деген пикирин айтты:

— Биз алардын позициясын билбей туруп чечим чыгарып койсок, эртең коомчулук «силер алардын сөзүн уккан жоксуңар» деп айтат да. Анан «келбей коюшкан» деп чечим чыгарабызбы? Же болбосо биз Жогорку Кеңештин төрагасына «алардын комиссияга келишин камсыз кылып бериңиз» деп кат жазышыбыз керек. Керек болсо депутаттар ушул боюнча чечим чыгарсын. Алардын айткандары өтө маанилүү. Алардын келишин мамлекеттик бийлик камсыз кылыш керек. Эгерде мыйзамдарга баш ийбесе укук коргоо органдарына кайрылалы.

Исаков Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуялардын чордонунда жүргөнүн, алардын маалыматы менен пикири комиссия үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү Карамушкина менен Кодуранованын катышуусунда комиссиянын жыйынын 25-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында өткөрмөк болушту. Бул үчүн комиссия төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун атынан парламент төрагасына кат жөнөтүлмөй болду.

Аты аталган депутаттар комиссиянын жыйынына буга чейин да чакырылган. Бирок алар комиссия менен иштешүүдөн баш тартышкан. Кодуранова муну «Азаттыкка» ырастап, кийинки жыйынга деле ушундай жооп бере турганын билдирген. Ал өз чечимин комиссиянын курамында кызыкчылыктар кагылышы бар адамдардын болгону, ошондуктан андагы окуяларды айтып берүүдөн майнап чыкпай турганы менен түшүндүргөн.

Учурда комиссия Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 37