• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Депутаттык комиссия: Жамгырчиев Өзбекстанда Салим Абдувалиев менен жолуккан

10 Үчтүн айы 2024 11:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Жамгырчиев боюнча депутаттык комиссиянын чечимин карашууда. Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышып жатат.

Комиссия төрагасы депутат Алишер Эрбаев Башкы прокуратура Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоп, 27-декабрда аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү сунушун парламентке жөнөткөнүн айтып, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Эрбаев белгилегендей, депутат Жамгырчиевге Өзбекстанда да иш козголгон.

“Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден (Салимбай байбача)  колдоо издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген”, — деди ал.

Количество просмотров: 105