• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттыкка талапкерлигин 229 жаран көрсөттү

14 Тогуздун айы 202510:23 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда.

Бүгүнкү күнгө карата 229 жаран арыз тапшырды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

Теги:
Количество просмотров: 167