• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Директор үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тарткан мугалимди кызматтан алган

28 Аяк оона 2020 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында №64 мектептин директору үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тарткан мугалимди кызматтан алган. Бул тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэль Алиев билдирди.

«Бишкектеги №64 мектепте администрациялык ресурсту колдонуу фактысы аныкталган. Анда мектеп директору мугалимдерден белгилүү партия үчүн үгүт иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Баш тарткан мугалимди кызматтан алган. Ал мугалим бизге кайрылды. Аталган факты боюнча биз прокуратурага кайрылып, кылмыш иши козголду», — деди Аалиев.

Количество просмотров: 542