• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Дмитрий Ложников: “Апрель” телеканалы доогерлерди эфирге чыгарууга даяр

26 Бирдин айы 201911:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

“Апрель” телеканалы соттун чечимин күтөөрүн билдирди. Аталаган каналдын башкы директору Дмитрий Ложников телеканалдын канчалык деңгээлде күнөлүү же күнөлүү эместигин соттун жүрүшүндө аныкталаарын айтты.

“Учурунда “Апрель” телеканалы доогерлерге карата маалыматты көргөзүп туура кылган. Ал эми канчалык деңгээлде туура болгонун сот аныктайт. Биз канткенде бул маселени убакыттын талабына коебуз.  Эгерде телеканал күнөлүү болбосо дагы убакытка гана коебуз”,-деди Ложников.

Мындан сырткары доогерлерди “Апрель” телеканалынын түз эфирине чакырып, зарыл болсо дебат уюштурууга дагы сөз берди.

Ал эми “КСДП” партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева соттун эркин, калыс чечим чыгараарына шектенип турганын билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 22